ЛИВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИВАН (арабча - Лубнан), Ливан Респуб л и к а с ы (Аль-Жумхурия аль-Лубнания) - Батыш Азиядагы мамлекет, Ж. Чыгышта. Түндүгүнөн жана чыгышынан Сирия, түштүгүнөн Израиль менен чектешет. Батышын Жер Ортолук деңиз чулгайт (жээк сызыгынын уз. 225 км).

Аянты 10,4 мин км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 200 км2дей). Калкы 4,7 млндой (2009). Борбо­ру - Бейрут ш. Расмий тили - араб тили (ка­был алынган мыйзам боюнча расмий тил катары -

француз тили да колдонулат). Администрациялык-аймактык жак­тан 8 мухафазага (губернаторлукка) жана борбор­го бөлүнөт (к. таблицаны).

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Мухафазалары

Аянты, клг2

Калкы, миллион

Администрациялык борборлору

Аакар

776,0

0,3

Хальба

Баальбек-Хирмиль

3009,0

0,3

Баальбек

Бейрут

19,6

0,5

Бейрут

Бекаа

1151,9

0,3

Захла

Набатия

1098,0

0,3

Эн-Набатия-

эт­Тахта

Тоолуу Ливан (Жебель-Лубнан)

1968,3

1,8

Баабда

Түндүк Ливан (Эш-Шамаль)

1248,8

0,6

Триполи

Түштүк Ливан (Эль-Жануб)

929,6

0,6

Сайда

Л. - БУУнун (1945), Араб өлкөлөрү лигасы­нын (1945), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконст­рукциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1947), Ис­лам конференция уюмунун (1969) мүчөсү; Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун байкоочусу статусу­на ээ.

Мамлекеттик түзүлүшү. Л - унитардык мам­лекет. 1926-ж. 23-майда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик респ. Мамлекет башчысы - президент, 6 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогор­ку органы - бир палаталуу парламент (Депу­таттар палатасы). Аткаруу бийлигин президент менен Министрлер кеңеши ишке ашырат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Кыймыл­дар жана саясий партиялар үч блокту түзөт (2009). 1-блокто «Мустакбаль» сүннөт кыймылы, друз­дук Прогрессивдүү социалисттик партиясы, «Ливан күч­төрү» уюму (мурдагы христиандык куралдуу түзүмдөр, «Катаиб» маронит партиясы, «Корнет Шагван» оңчул христ. партиясы бириккен бар. 2-блок Христиандык эркин патриоттук кыймыл, «Марада» христиан партиясы, Л. коммунист­тик партиясынан турат. 3-блокко «Амаль» жана «Хезболлах» шиит уюмдары кирет.

Табияты. Жээктери негизинен жапыз, булуң­буйткалар аз, айрым аскалуу тумшуктар жана кум дөбө массивдери бар. Жеринин бети неги­зинен тоолуу. Жээк түздүгү (жазылыгы 1,5- 3 км, түштүгүндө 10 кл«ге чейин кеңийт) чыгыш­та Ливан кырка тоосунун этек тоолоруна өтөт. Мында Л-дын эң бийик жери - Курнет-эс-Сауда чокусу (бийикт. 3088 м) жайгашкан. Ливан кыр­ка тоосунун терең тилмеленген батыш капталы Жер Ортолук деңизди карай тепкичтенип, чы­гышка тоо аралык Бекаа өрөөнүнө тик түшөт. Бекаа өрөөнү грабен түзүлүшүндө, жазылыгы 8- 14 км, түндүктөн түштүктү карай өлкөнүн бүт аймагы боюнча созулуп жатат. Аңын таманы де­ңиз деңг. 750-900 м бийиктикте жайгашкан.

ЛИВАН

Л-дын чыгышын Антиливан кырка тоосунун (бийикт. 2814 жге чейин) батыш капталы ээлейт. Л-дын аймагы байыркы платформанын жа­бындысында жайгашкан. Цемент, курулуш материалдары, сал туз, гипс, кум, шагыл кен­дери бар.

Л-дын аймагынын климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик, жайы кургакчыл, кышы нымдуу. Январдын орт. температурасы 13°С, июлду­ку 27°С, 1000 м бийиктиктерде 6°Стан 22°Ска чейин. Жылдык жаан-чачыны жээк бөлүгүндө 750-1000 мм (негизинен октябрдан майга чейин нөшөр түрүндө жаайт), жайында абанын салыш­тырмалуу өтө жогорку нымдуулугу мүнөздүү. Тоолордо 1000 жжден ашык, Бекаа өрөөнүндө жана Антиливан кырка тоосунун капталдарын­да 400-800 мм жаайт. Жайы, айрыкча, тоо этек­тери жаан-чачынга өтө жарды. Жазында түш­түктөн ысык шамал согуп, кумдуу бороонду пай­да кылат. Дарыялары чакан, көбүнчө соолуп калат, сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири дарыясы - Эль-Литани Бекаа өрөөнүнүн түштүк бөлүгү аркылуу агат. Жер Ортолук деңизге куюу­чу көптөгөн суулар Ливан кырка тоосунун аки­таш тектүү капталынан башталат.

Жээк аймактарында жана тоо капталдарынын этектеринде күрөң топурактар, андан

бийиги­рээк бөлүгүндө бозомук-күрөң таштак топурак басымдуу. Жергиликтүү токой өсүмдүктөрүн Ливан кыр­ка тоосунун батыш капталындагы катуу жал­бырактуу жер ортолук деңиздик дарак-бадал­дар түзгөн, ал 20-к-дын башталышында антропо­гендик таасирден өтө жапа чеккен. Өсүмдүк­төрүндө экинчи жолку бадалдар (маквис, фри­гана) басымдуу, арасында токой калдыктары (эмен, чынар, ак чечек, алеп жана италян кызыл карагайы) кездешет. 1200-1400 м бийиктикти ливан бал карагайы (кедр), көк карагайлуу ча­кан токой массивдери ээлейт. 2400 м бийиктикте токой өсүмдүктөрүнүн жогорку чегин арча түзөт. Ливан кырка тоосунун чыгыш капталдарын жана Бекаа өрөөнүн эмен-жыгач мисте сейрек то­кою жана фригана аралаш өскөн кургак талаа ээлейт. Тоо капталдары тектирленип, анда дан эгиндери, мөмө-жемиш бактары өстүрүлөт.

Л-да өлкөнүн 0,7% ин ээлеген 24 коргоого алынган табигый аймак уюшулган; анын ичинде эл ара­лык маанидеги 4 суу-саздуу жер, бал карагай токойлуу Шуф биосфералык резерваты, Маш­гара улуттук паркы бар.

Калкы. Калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар (87,8%), ливандыкпгар (78,7%), палестиналык­тар (13%), египеттиктер, сириялыктар, ирак­тыктар түзөт. Төрөлүү (1000 адамга 17,1 бала) өлүм-житимден (6 адам) дээрлик 3 эсе ашык. Өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 26% ти, эм­гекке жарактуу курактагылар (15-64 жаштагы­лар) 67% ти, 65тен ашкандар 7%тен ашыгын түзөт. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 73,7 жыл (эркектер 71,1, аялдар 76,3 жыл). 21- к-дын башталышында Л-да 1,6 миллион чет өл­көлүктөр - сириялыктар, палестиналык кач­кындар ж. б. жашаган. 15 млндон ашык ли­вандыктар чет өлкөлөрдө, негизинен Франция

Бейруттагы Жылдыз аянты.

менен АКШда жашайт. Калкынын орт. жыш­тыгы: 1 км2 жерге 450 адам (2009); жээк зона­сында жана Бекаа өрөөнүндө эң жыш отурукташ­кан. Шаар калкы 87% (2011). Эң ири шаары - Бейрут; башка ири шаарлары: Триполи, Жуния, Баальбек. Ливандыктардын 52%тейи ислам динин, 44,8% и христиан динин тутат.

Тарыхы. Л-дын азыркы аймагын адамдар биздин заманга чейинки 8-7-миң жылдыктан мекендеген. Биздин заманга чейинки 4-3 миң жылдыкта Л. аймагында финикиялык Библ (азыркы Жубайль), Тир (азыркы Сур), Сидон (азыркы Сайда), Берит (азыркы Бейрут) ж. б. шаар-мамлекеттери пайда болгон. Дый­канчылык, кол өнөрчүлүк өнүгүп, Египет, Ва­вилон, Кавказ, Кичи Азия мамлекеттери менен соода жүргүзүшкөн. Биздин заманга чейинки 875-ж. Ассирия, 7- к-дын аягында Вавилония, 332-ж. Александр Македонский басып алып, анын державасы ку­лагандан кийин Л. аймагы Птолемейлер бий­лигине, биздин заманга чейинки 3-к-дын ортосунда Селевкиддер империясына караган. Биздин заманга чейинки 64-ж. - биздин замандын 3- к-нда Л-дын азыркы аймагын Рим аскер баш­чысы Помпей басып алгандыктан, Рим импе­риясына баш ийген. 4-к-да Л. аймагы Чыгыш Рим империясынын (к. Византия) курамына кошулган. 7-к-дын башында Л-ды ирандыктар, 636-ж. арабдар караткан. Натыйжада 7-8-к-да Омейяддардын, 8-9-к-да Аббасиддердин, 9-10- к-да Тулуниддердин жана Ихшидиддердин, 10- 12-к-да Фатимиддер халифатынын ээликтерин­де калган. 1099-ж. Л. кресттүүлөрдүн колуна өткөн. 13-к-дын аягында Л. Египет мамлюкта­рынын, 16-17-к-да Осмон империясынын бий­лигинде болгон. 1861-ж. европалык державалардын кысымы менен Тоолуу Л-га Органикалык статус (автоном. район) берилип, ал Осмон империя­сы жана Л. батыш державаларына (өзгөчө Фран­цияга) көз каранды болуп калган. Порттор, банк иштери, транспорт, айрым ө. ж. өндүрүштөрү ж. б. европалыктардын колуна өткөн. 1908-ж. Л-да улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1- дүйнөлүк согуш убагында (1914-18) түрк аскер губернатору бардык бийликке ээ болгон. Улуу Британия менен Франциянын ортосунда Осмон им­периясынын Азиядагы ээликтерин бөлүштүрүү жөнүндө түзүлгөн Сайкс-Пико келишиминин (1916) негизинде 1920-ж. алрелде Л. Франциянын ман­даттык аймагы статусун алган. 1920-ж. сентябр­да Улуу Ливан мамлекети, 1926-ж. кабыл алын­ган конституция боюнча Ливан респ. деп жарыя­ланган. Л-дын тышкы саясатына Франция көзөмөл жүргүзгөн. 2-дүйнөлүк согуш баштал­ган соң, Л-да чукул кырдаал киргизилип, конс­титуциясы жоюлуп, парламент таратылып, компартияга тыюу салынган. Элдик боштон­дук кыймылдын кысымынан улам Франция 1943-ж. Л-дын көз карандысыздыгын таанып, 1946-ж. өз аскерлерин Л. аймагынан алып чы­гып кеткен. 1943-ж. 22-ноябрь Л-дын көз ка­рандысыздык күнү деп белгиленген. Б. аль-Хури Л. Респ-нын президенти болуп шайланган. Л. 1944-ж. августта СССР менен дипломатиялык мамиле түзгөн. 1945-ж. февралда Гитлерге каршы коалицияга кошулуп, Германия жана Японияга согуш жа­рыялаган. 1945-жылдан БУУгаж-а Араб өлкө­лөрүнүн лигасына мүчө. 1948-49-ж. Л. Араб мамлекеттери менен бирге Израилге каршы согуш­ка катышкан. Социалдык карама-каршылык­тардын курчушу, бийлик үчүн күрөш Л. өкмө­түнүн тез-тез алмашылышына алып келген.

Өлкөдөгү экономикалык абал, эл массасынын өкмөт саяса­тына нааразылыгы элдик-демокр. кыймылды күчөткөн. 1952-ж. сентябрда Л-дагы жалпы эл­дик көтөрүлүштөн улам, Б. аль-Хури президен­ттиктен кетип, ордуна - К. Шамун шайланган. Ал бир катар реформаларды жүргүзүп, Араб жана батыш мамлекеттери менен кызматташкан. 1955-56-ж. премьер-министр Р. Караме жетек­теген Л. өкмөтү айрым чет элдик компаниялар­ды мамлекеттештирип, Л. жери аркылуу өтүүчү нефтиге төлөнүүчү акыны көбөйткөн. 1958-ж. ички жана тышкы саясат жүргүзүү үчүн Улуттук фронт түзүлгөн. 1958-ж. Шамун өкмөтүнүн ку­рамына каршы башталган иш таштоолор ку­ралдуу күрөшкө айланган. Бирок Шамун режи­мин АКШнын интервенциясы сактап калган. 1958-ж. генерал Ф. Шихаб президенттикке шай­ланып, өкмөттү Р. Караме башкарган. Жаңы өкмөт бейтарап, блокторго кошулбоо саясатын жарыялап, бир катар социалдык реформалар­ды жүргүзгөн. 1967-ж. Л. өкмөтү чет элдик ком­паниялардын нефть өткөргүчтөрүн токтотуп, АКШ жана Улуу Британия менен дипломатиялык мамилеле­рин үзүп, америкалык аскер кемелеринин Л. портто­руна кирүүсүнө тыюу салган. Согуштан кийин Л-дын Израил менен мамилеси начарлаган. 1968-ж. Л. аймагына палестиналык лагерлер жайгашкан. 1969-ж. 23-апрелден 25-ноябрга чейин Л. ички саясий чөйрөлөрдүн келишпөөчү­лүгүнөн өкмөтсүз калган. 1969-ж. Р. Караменин жаңы өкмөтү кайра түзүлүп, христиандык партиянын өкүлдөрү ачыкка чыккан. 1970-ж. 17-августта С. Франжье президенттикке шайла­нып, С. Салям өкмөт башына келген. Бирок жаңы өкмөт элдин нааразылыгын токтоткон жок. 1973-ж. израилдик баскынчылардын Л-га жасаган куралдуу провокациялары, Л. өкмөтү­нүн аскерлери менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар Л-дын абалын оордот­кон. 1975-ж. апрелде ПБЧУнун куралдуу күчтө­рү жана аны колдогон мусулман саясатчылары же улуттук патриоттук күчтөр (УПК) менен хрис­тиандык партиялардын кагылышуусунан чык-

Палестиналык качкындар. Бейрут. 1976.

кан жарандык согуш 1990-ж. чейин уланган. 1976-ж. январда ливандык христиан кошуун­дары палестиналык Дбайе лагерин жана Бейрут- -тун мусулмандар жашаган Маслах жана Каран­тина р-ндорун басып алган. 10-апрелде парла­мент конституцияга ондоо киргизип, мөөнөтүнөн мурда президенттикке шайлоо өткөрүүгө жол берген. 8-майда президенттикке Э. Саркис шай­ланган. 1976-ж. 16-18-октябрда Эр-Рияд ш-нда Сауд Арабиясы, Египет, Сирия, Кувейттин өлкө

Бейруттун көчөлөрүндөгү согуш. 1982.

башчыларынын конференциясы болуп, анда согуш ара­кеттерин токтотуу жана Арабдар аралык кооп­суздукту сактоо күчү (ААКСК) түзүлүп, анын ас­керлерин 30 миң адамга чейин көбөйтүү карал­ган. Бул чечимди Араб өлкөлөрүнүн башчыла­рынын кеңешмеси (26-октябрь, Каир) бекиткен. 1978-ж. июнда ливан армиясы жана христиан топтору менен сириялык аскер бөлүктөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталган. 1978-ж. Л-га Израил аскерлери кирип, Батыш Бейрутту басып алган. 1984-ж. февралда В. Жумблат же­тектеген друздардын аскер күчтөрү жана «Амаль» шиит кыймылынын отряды Сириянын колдоо­су менен Израилге каршы күрөшүп, Ливан ар­миясын талкалап, Батыш Бейрутту бошоткон. 1985-ж. Л. аймагындагы Сириянын аскер күч­төрү Израилдин аскер күчтөрүн өлкөдөн чыгар­ган. 1990-ж. октябрда сириялык авиациянын соккусунан Л-дагы жарандык согуш аяктаган. Жарандык согушта (1975-90) 115 миң киши жарадар, 94 миңи курман болуп, 800 миңи чет мамлекеттерге качкан. 1990-ж. христиан менен му­сулмандан бирдей санда өкүлдөр кирген жаңы өкмөт түзүлүп, О. Караме жетектеген. 2000- жана 2006-ж. Л-да кырдаал кайрадан курчуган. Па­лестиналыктар менен Израил армиясы жана «Хез­боллах» (ПБЧУ мүчөсү) отряддарынын ортосун­дагы кагылышуулардын натыйжасында Из­раиль Түштүк Л-дан аскерлерин чыгарып, «Түштүк Ливан армиясы» таркатылган. Израилдин көзө­мөлүндөгү «Коопсуздук зонасы» Л-га кошулган. 2005-ж. 26-апрелде Л-дан Сириянын акыркы аскер күчтөрү чыгарылган. 2006-ж. 14-августта БУУнун Коопсуздук Советинин резолюциясынан

кийин конфликт жөнгө салынган. 2009-ж. 7- июндагы кезектеги парламенттик шайлоодо «Альянс» коалициясы жеңишке ээ болуп, С. аль-Харири өлкөнүн премьер-министрлигине шайланган.

Чарбасы. Л-дын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. ИДПнин көлөмү 44,2 миллиард доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 11,1 миң доллардан туура келет. 1975-90-жыл­дардагы жарандык согуштун натыйжасында ө. ж. объектилеринин басымдуу бөлүгү кыйра­ган, өндүрүштүк продукциялардын көлөмү 50% ке кыскарган. 1997-жылдан кийин чет өл­көлүк компаниялардын ЭООдөн ашык филиалы ачылган. 2002-жылдан энергетика, суу менен кам­сыз кылуу, транспорт, телекоммуникация ком­панияларынын объектилери менчиктештириле баштаган. 2006-жылкы куралдуу кагылышуу болор алдында өлкөнүн экономикасы өсүп жат­кан. Куралдуу кагылыштан кийин Л-га Сауд Арабиясы, Перс булуңунун жээгиндеги жана Ев­ропа союзуна кирген өлкөлөр экономикалык жардам бер­генетикалык ИДПнин чыныгы өсүүсү 6,3%ти түзгөн (2008). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрө­сүнүн үлүшү 76,1% , ө. ж-ныкы 18,8%, а. ч-ны­кы 5,1% (2008). ИДПнин 75% ке жакыны жеке менчик сектордо түзүлөт; чакан жана орто ишка­налар негизинен экспорттук багытта иштейт.

Өнөр жайынын негизги тармактары: электр­энергетикасы, минералдык сырьё өндүрүү, ку­рулуш материалдар өндүрүшү, химия, жеңил, тамак-аш. 2007-ж. 9,0 миллиард кВт-с электр энер­гиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясын Сирия­дан (2007-ж. 972 миллион кВт-с) алат. Нефть про­дуктуларына болгон муктаждыгын араб өлкө­лөрүнүн нефтиси менен толуктайт. Бейрутта им­порттук тетиктерден машина кураштыруу жана импорттук товарларды таңгактап, региондогу башка өлкөлөргө жөнөтүүчү ишканалар иштейт. Сал туз, акиташ теги, кум, гипс, шагыл аз өл­чөмдө казылып алынат. Цемент экспорт үчүн да өндүрүлөт. Химия ө. ж. фосфор жер семирт­кичин, фосфор жана күкүрт кислоталарын, кир ке­тирүүчү каражаттарды, пластмасса, косметика жана дары-дармектерди ж. б. чыгарат. Жыгач­чылык, эмерек, зергерчилик, азем белек даяр­доочу ишканалары бар. Жеңил ө. ж-нын эң маа-

Шекка цемент заводу.

нилүү тармактары - текстиль жана тигүү ишка­налары. Эзелтен шарап жасоо өнүккөн (негизи­нен экспортко чыгарат).

Өлкөнүн жеринин 16%тен ашык аянты иш­тетилет. Күрдүү жерлери негизинен жээк тилке­синде жана Бекаа өрөөнүндө жайгашкан. Агрардык өндүрүштөрү ички муктаждыкты канааттанды­рат. Бекаа өрөөнүндө дан эгиндери (көбүнчө буу­дай, арпа), жашылча, картөшкө, мөмө-жемиш (апельсин, алма) жана техникалык өсүмдүктөр (кант кы­зылча, тамеки), Л-дын түндүк бөлүгүндө зайтун, Жер Ортолук деңиздин жээгинде цитрус өсүм­дүктөрү, банан, Жубайл ш-нын тегерегинде аво­кадо өстүрүлөт. Жүзүмзарлар негизинен Зах­ла ш. тарапта. Эчки, кой, уй асыралат.

Банк секторунун жана туризмдин мааниси зор. Финансы жактан тейлөө банк-кредит секторун, камсыздандыруу бизнесин, биржаларды өзүнө камтыйт. 1950-70-жылдардын ортосунда Л. ре­гиондогу ири финансы борбору болгон; жаран­дык согуш мезгилинде банк сектору экономи­канын негизи бойдон калган. 1990-жылдары банк депозиттеринин тез өсүүсү байкалган (1992-ж. 6,5 миллиард доллар, 1999-ж. 33,9 миллиард доллар), Л. банктары эл аралык рынокко чык­кан. Финансы сектору Борбордук банкты (Ливан банкын), коммерциялык жана инвестициялык банктарды камтыйт. Туризмдин (маданий таа­нып билүү, экол., пляжда эс алуу) мааниси зор. Бейрут, Сайда, Тир,- Триполи, Жуния, Захла, Баальбек ж. б. шаарларда көптөгөн маданий мурастар жайгашкан. Туристтик инфраструкту­раларды калыбына келтирүү жана модернизация­лоо ишке ашырылууда.

Автомобиль жолунун уз. 7000 кждей; негизги автомагистралдары: Жээк шоссеси, Бейрут - Дамаск (Сирия). Т. ж-нун уз. 401 км. Деңиз

Ливан акчасы - ливан фунту.

транспорту сырткы соода жүктөрүн ташыйт. Л-дын 33 соода кемеси бар; башка өлкөлөрдүн желеги менен 55 кемеси жүрөт (2008). Негизги де­ңиз порттору: Бейрут, Триполи. Жети аэропор­ту бар; Бейрут ш-ндагысы эл аралык.

Экспортко зер буюмдарды, химия ө. ж. продук­цияларын, цемент, текстиль, керектелүүчү түр­дүү товарларды, мөмө-жемиш, жашылча ж. б. чыгарып, сырттан негизинен автомобиль, электр жабдууларын, химикат, дары-дармек, кагаз ж. б. алат. Экспорттук шериктери (2008); Си­рия, Бириккен Араб Эмирликтери, Швейцария, Сауд Арабиясы; импорттук шериктери: Сирия, Франция, АКШ, Италия, Кытай, Германия, Сауд Арабиясы.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоо­ну милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаш­тан жогору калктын сабаттуулугу 89,6%ти түзөт (2012). ЖОЖдору, илимий мекемелери, музейлери, китепканаларынын көбү Бейрут ш-нда жай­гашкан.

Массалык-маалымат каражаттары. «Аль­Амаль», «Аль-Анвар», «Ад-Дияр», «Аль-Лива», «Ан-Нида», «Ан-Нахар», «Ас-Сафир» сыяктуу ири гезиттери, «Ас-Сайяд», «Аль-Усбуа аль-Ара­би», «Ат-Тарик» ж. б. коомдук-саясий жана ада­бий-көркөм журналдар чыгат. Радиоуктуруусу (1937), телекөрсөтүүсү (1959) иштейт. 32 радио­станциясы, 15 телеканалы, Улуттук маалымат агенттиги (1962) бар.

Адабияты. Негизинен араб тилинде, 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында француз тилинде өнүгүүдө. О. к-дагы Л. адабияты - араб-мусулман маданиятынын бир бөлүгү. 1700-жылдары Түндүк Сирияда «Жүрөктөр жыргалы» («Нузхат аль­Хаватир») деген элдик аңгемелер жана анекдот­тор жыйнагы түзүлгөн. 1732-ж. Эш-Шувейр мо­настырында биринчи араб басмаканасы негиз­делген. Л. адабиятын өнүгүшүнө жаңы арабдардын кайра жаралуусу зор өбөлгө болгон. 18-к-дагы биринчи түшүндүрмө сөздүктүн [«Берметтүү үчил­тик» («Аль-мусалласат ад-дуррийя», 1705)] жана биринчи грамматиканын [«Исследование запро­сов» («Бахс аль-маталиб»), 1707] автору Г. Фар­хаттын чыгармачылыгы, заманбап жаңы араб ти­линин поэтикалык «Тезкире» (1720) жыйнагы Л. адабиятынын өнүгүшү үчүн зор түрткү болгон. 19-к-дын 2-жарымында араб драматургиясы (М. Наккаш, Н. Наккаш ж. б.), 19-20-к-дын че­гинде араб тарыхый романы (С. аль-Бустани, Ж. Н. Мудаввар, Ф. Антун ж. б.) калыптанган. 20-к-дын адабиятында агартуучулук багыт кеңири тараган. Агартуу багытында Н. аль-Хаддад («Баа­ры тагдыр», 1903; «Жаңы Ева»; 1906), Л. Кя­милдин («Тоо жомогу», 1946), М. Абудд («Кы­зыл эмир», 1947, ж. б.), Ж. Ханндын («Чиркөө жрецтери», 1952; «Күчтүү Убейд», 1955 ж. б.), Т. Ю. Аввад («Токоч нан», 1938; «Бейрут тегир­мендери» 1972), прозасы жана драматургиясы Р. аль-Хуринин («Байдабдын революциясы», 1950), М. Дакруб, X. Мурув, Ю. Аль-Ид, М. Са­вай, А. Сувейд адабий сында ж. б. белгилүү. 19-к-дын 2-жарымы - 20-к-дын 2-жарымында Л. прозасынын жарандык согуш окуяларына жана Израиль интервенциясына, согушка чейин­ки мезгилди барктоого көңүл бурулган: Г. ас­Саммандын сюрреалисттик прозасы («Бейрут 75» ж. б.), И. Хуринин («Кичине тоо» ж. б.), И. ад­Дейринин романдары. «Жаңы толкун» прозасы­на (1970-80-жылдар) чыгыш жана абсурддук мо­тивдердин айкалышы мүнөздүү (Э. Насрулла, Н. Мусалане ж. б.). Ш. Корм 20-к-дын 1-жары­мында французча жазган мыкты акын катары таанылган, 2-жарымында француз тилиндеги адабияттын салттарын акындар А. Шедид, Н. Са­ламе, X. Хауи, Н. Тувейнц, жазуучулар В. Нури, А. Маалав ж. б. уланткан.

Архитектура жана сүрөт искусствосу. Л-дын аймагында байыркы искусствонун көптөгөн эстеликтери, анын ичинде биздин заманга чейинки мезгилдеги Баалат Гебал храмынын кал­дыктары сакталган. Рим мезгилиндеги искусстводо антикалык жана чыгыш салттары айкалышкан: Баальбектеги жана Библдеги (азыр Жубейль)

Триполи. Цитадель. 1307-08.

храм комплекстерй (биздин замандын 1-3 к.). 4-7-к-да Л. Ви­зантиянын курамында турганда монастырлар, чиркөөлөр, Араб халифатына кирген мезгилде мусулман имараттары курулган. Кресттүүлөр жортуулдарынын учурунда деңиз жээктеринде замоктор (Сен-Жиль, Триполиде, Сайдада, 13-, 17-18-к.), монастырлар, чиркөөлөр салынган. Мамлюктар доорунда (13-16-к. башы) курулуш­тар роман жана о. кылымдагы араб зодчийлиги­нин айкалышуусу менен мүнөздөлөт. Осмон им­периясынын мезгилинде мусулман архитектурасынын имараттары түрк архитектурасынын таасиринде кум­палуу, мунаралуу курулуп, ички жасалгасы көр­көмдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн. Л. көз каранды эместикке ээ болгондон кийин архитектурада интер­националдык стиль алдыңкы орунга чыккан. 1960-жылдардын аягынан постмодернизм кел­се, 1990-2000-жылдарда хай-тек стилиндеги има­раттар курулууда. 19-20-к-дын башынан диний жана тиричилик темасындагы монументтик жана станоктук живопись өнүккөн. Сүрөт искусствосуна

Триполидеги чоң мечит. 1294—1314.

салым кошкон живописчилер А. Закир, Н. Та­рабулси, Н. Ю. Шукри, Н. Файяд ж. б. 1930- 40-жылдарда реалисттик багыт үстөмдүк кыл­ган. 1970-80-жылдарда, ошондой эле карикатура жана китеп жасалгалоо өнүккөн. Л-да жасалга-кол­донмо жана искусствонун түрлөп токуу, сайма саюу, чий согуу, килемчилик, жыгачка, металлга кооз сүрөт түшүрүү өнөрү сыяктуу салттык түрлөрү өнүгүүсүн улантууда.

Л-дын музыкалык маданияты ар түрдүү конфессиялык топтордун, айыл фольклорунун жана заманбап ар кандай музыканын салттарын бириктирип турат. Шаарларында батыштын үлгүсүндөгү музыкалык турмуш басымдуулук кылат. Негизин макам түзгөн классикалык араб музыкасы концерттерде угулат. Бейрутта 1910-ж. музыкалык мектеп (1925-жыл­дан улуттук музыка мектеби, 1929-жылдан Улуттук консерватория) ачылган.

Театры. Л-да диний мазмундагы тазийе мис­терриялары (Түштүк Л-да) жана көлөкө куурчак театры өАүккөн. 1848-ж. Бейрутта М. Накаш­тын үйүндө биринчи араб театрынын европалык үлгүгө салынган спектакли көрсөтүлгөн. Л-дын профессионал театр труппалары 20-к-дын 2- жарымынан пайда болгон. 1960-ж. режиссёр М. А. Дебс Бейрутта театр студиясысын ачкан. Ал жерде У. Шекспирдин, И. В. Гётенин ж. б

«Карамель» филь­минен кадр. Реж. Н. Лабаки, 2007.

драматургдардын пьесалары коюлган. Профес­сионал театрдын жаңы өрүшү 1990-жылдарда башталган. 21-к-дын башында жаңы көчмө труппалар пайда болгон, эксперименттик режис­сёрдук театр өнүккөн. 2000-жылдардагы эң бел­гилүү труппа - Н. аль-Ашгар жетектеген шаар­дык театр, Бейрутта «Аль-Мадина» (1994-жыл­дан), «Монно» (1997-ж.) ж. б. театрлар иштейт. 1955-жылдан Баалбекте музыкалык-театр фестивалы, 1999-жылдан Бейрутта жер ортолук деңиз өлкөлөрүнүн эл аралык куурчак театр фестива­лы өткөрүлөт.

Киносу. 1964-ж. Бейрутта мамлекеттик катышуусу менен Улуттук кино борбору негизделет. 1967-ж. толук метраждуу фильмдерди чыгаруучу кино­студия ачылган. Б. Алавинин Ж. Чыгыштагы чыр-чатакка арналган «Кафр Касем», М. Багда­динин «Бейрут, Бейрут» (1975) фильмдери зор маанилүү окуя болгон. Жарандык согуш тема­сына Р. Хажардын «Баш калка» (1981), «Жа­рылуу» (1983) фильмдери арналган. 2000-жыл­дардагы фильмдерден Р. Гахалдын «Кагаз чым­чык» (2003) фильми өзгөчөлөнүп турат.

Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Гасратян А. В. Проблемы социально-экономичес­кого развития Ливана (1970-2000). М., 2004; Ли­ван//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 17. М., 2010.