ЛИБРЕВИЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИБРЕВИЛЬ - Габондун борбору. Атлантика океанындагы порт шаар. Эстуарий провинция­сынын администрациялык борбору. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө, Гвинея булуңунун жээгиндеги түздүктө жайгаш­кан. Калкы 753,6 миң (2010; өлкөнүн калкы-

Шаардын көрүнүшү.

нын 40% и). Габондогу калк эң жыш жайгаш­кан шаар. Эл аралык аэропорту бар. Л. 1849-ж. негизделген. 1886-жылдан Габондун курамын­дагы Франция ээлигине, 1910-58-ж. Франция Экватордук Африкасына караган. Габон көз карансыздык алган 1960-жылдан өлкөнүн бор­бор шаары. Тамак-аш (кофе, какао иштетилип, пиво кайнатылат), текстиль, жыгаччылык ө. ж. ишканалары.жана кеме верфи иштейт. Университет, Ыйык Мишель, Ыйык Мария чиркөөлөрү, музейлер ж. б. бар. Шаарга жакын белгилүү улуттук парк Лопе жайгашкан.