ЛИАНАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИАНАЛАР (фр. Напе, Нег - байланыштуу) - узун сабагы өз алдынча тик өсө албай, башка өсүмдүккө, жарга, курулуштарга ж. б. жарма­шып же оролуп өсүүчү өсүмдүктөр. Л. жарма­шып жана оролуп өсүүчү болуп айырмаланат. Жармашып өсүүчү Л. жакын нерселерге мурут­чалары, тикенчелери менен жармашат. Мисалы, кул­мак, жүзүм, буурчак ж. б. Оролуп өсүүчүлөргө кадимки чырмоок кирет. Л-дын сабагы ичке, жеңил, ийилгич болуп, тез өсөт. Бул өзгөчө-

Лианалар: 1 - жыттуу буурчак; 2 - бүлдүркөн; 3 - хмел.

лүктөр өөрчүүдө пайда болуп, токойдо өскөн өсүмдүктөрдүн башка өсүмдүктүн көлөкөсүндө калбай, жарыкка умтулуп, жашоо үчүн күрөшү­нөн келип чыккан. Л. өскөн чөйрөсүнө жараша зыяндуу же пайдалуу болушат. Сары чырмоок же кадимки чырмоок дан ж. б. өсүмдүктөргө оролуп, алардын өсүшүн начарлатып, зыян кел­тирет. Ал эми жүзүм, кожогат ж. б. - өтө пай­далуу мөмө өсүмдүктөрү. Л-дын 2000ден ашык түрү нымдуу тропик токойлордо, Закавказьеде, айрыкча ысык жерде курулган шаарда мааниси чоң. Кыргызстанда жапайы жүзүм, коён томук ж. б. жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт.