ЛЁСС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЁСС (немисче 1ёзз - катуу эмес, борпоң) - ачык сары түстөгү алеврит; катмарланбаган карбо­наттуу тоо тек. Курамында 0,01-0,05 мм бүр­түкчөлөр басымдуулук кылат. 0,005 лглгден ки­чине топурак бүртүкчөлөрү кварц, талаа шпа­ты, азыраак санда слюда, роговая обманкадан турат. Күкүмдөрү ар кандай чополуу минерал­дардан (гидрослюда, каолинит, монтморилло­нит) түзүлгөн. Акиташ тегинде конкрециялар­ды пайда кылат. Европа, Азия, Түндүк жана Түштүк Америка материктериндеги мелүүн алкактык та­лааларда, жарым чөлдүү аймактарда кездешет. Калыңдыгы бир нече ладен 50-100 лгге чейин же­тет. Пайда болушу жөнүндө бирдиктүү теория жок. В. А. Обручев эолдук, Л. С. Берг кыртыштык жана комплекстүү (кургактыкта эолдук, делювий­лик, кыртыш-элювийлик) процесстерден келип чыккан деп далилдейт. Л. кирпич, цемент да­ярдоодо, дамба, плотина курууда колдонулат.