ЛЕТАРГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕТАРГИЯ, летаргия уйкусу (грекче 1е1Ье - унут­каруу жана аг§1а - аракетсиз) - уйкуга окшогон

патол. абал. Анда организмдин физиол. абалы начарлайт, зат алмашуу төмөндөйт, сырткы дүү­лүктүргүчтөргө реакциясы жок жана тирүүлүктүн белгиси абдан төмөн болот. Жеңил түрүндө кый­мылсыз болуп, дем алуусу бир калыпта, бул­чуңдары бошоңдоп, көзү жабылуу болот. Оор түрүндө өлүктөн ажыратып билүүгө болбой, ай­рым учурларда оорулууну өлдү деп көөмп кою­шу мүмкүн. Ошондуктан өлгөн адамды тирүү же өлүү экенин аныктоо жүргүзүлөт. Пайда болуу себеби белгисиз. Л. капысынан, көбүнчө катуу кайгыргандан кийин башталып, бир нече саат­тан бир нече күнгө созулат. Көбүнчө истерияда, истериялык талмада байкалат. Кээде физикалык чар­чоодон, мисалы, төрөттөн кийин, көп кан жоготуу­дан болот. Оорулуу тез арада врачка жеткири­лип, анын байкоосунда болууга тийиш.