ЛЕСТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕСТЕР - Улуу Вританиядагы ири шаарлардын бири. Англияда. Чыгыш Мидлендде. Лестершир графтыгынын администрациялык борбору. Унитардык шаар түзүлүш статусуна ээ. Калкы 296,6 миң (2010; конурбациясында 440 миң; көп улуттуу). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 50-ж. рим чеби катары негизделген. Ыйык Ни­колай чиркөөсү (9-13-к.), Лестер сепили комп­лекси (11-12-к.), кампа дарбазалары (1410-ж. чен), шаардын тарыхый бөлүгүндө Ыйык Мар­тин собору (12-15-к.), Тринити оорукана комп­лекси (14-к.), «Ханыша Елизавета» мектеби (1573), неоготика стилиндеги «Саат мунарасы» (1868) ж. б. сакталган. Шаардын тейлөө чөйрө­сүндө калктын 70% и эмгектенет. Китеп басып чыгаруу, дизайн жана жарнама бизнеси өнүккөн. Ө. ж-нын башкы тармактары: машина куруу, электр-техникалык, тамак-аш. Университеттер (1921), Лестер ислам академиясы (1981), бир нече коллеждер, атайын мектептер, галерея, музейлер, китепка­налар бар. Жыл сайын Шаар күнү, комедия фес­тивалы, Кариб карнавалы, «Дивали» индей майрамы жана спорттук ар кандай мелдештер өткөрүлүп турат.