ЛЕСТЕР
ЛЕСТЕР - Улуу Вританиядагы ири шаарлардын бири. Англияда. Чыгыш Мидлендде. Лестершир графтыгынын администрациялык борбору. Унитардык шаар түзүлүш статусуна ээ. Калкы 296,6 миң (2010; конурбациясында 440 миң; көп улуттуу). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 50-ж. рим чеби катары негизделген. Ыйык Николай чиркөөсү (9-13-к.), Лестер сепили комплекси (11-12-к.), кампа дарбазалары (1410-ж. чен), шаардын тарыхый бөлүгүндө Ыйык Мартин собору (12-15-к.), Тринити оорукана комплекси (14-к.), «Ханыша Елизавета» мектеби (1573), неоготика стилиндеги «Саат мунарасы» (1868) ж. б. сакталган. Шаардын тейлөө чөйрөсүндө калктын 70% и эмгектенет. Китеп басып чыгаруу, дизайн жана жарнама бизнеси өнүккөн. Ө. ж-нын башкы тармактары: машина куруу, электр-техникалык, тамак-аш. Университеттер (1921), Лестер ислам академиясы (1981), бир нече коллеждер, атайын мектептер, галерея, музейлер, китепканалар бар. Жыл сайын Шаар күнү, комедия фестивалы, Кариб карнавалы, «Дивали» индей майрамы жана спорттук ар кандай мелдештер өткөрүлүп турат.