ЛЕОНОВ
ЛЕОНОВ Михаил Яковлевич (4. 8. 1912, азыркы Арменияу Головино айылы, - 19. 12. 1992, Бишкек) - физик, физика-математика илимдеринин доктору (1949), проф. (1950), Кыргыз ССР ИАнын академиялык (1961), КРдин илимине эмг. сиң. кызматкер (1987). Москва инженердик-курулуш институтун (1934), Днепропетровск университетин (1937) аяктаган. Украин ССР ИАнын Машина таануу жана автоматика институтунда бөлүм башчы (1946-61), ФМИде лабор. башчы (1961-67), директордун орун басары (1967- 69), бөлүм башчы (1969-75),
Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунда жетектөөчү илимий кызматкер (1975-92) болуп иштеген. Деформациялануучу катуу заттардын механикасы боюнча адис. 200дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 3 монографиянын автору.

Эмг.: Механика деформаций и разрушения. Физикоматематические основы теории. Ф., 1981; Прочность и устойчивость механических систем. Ф., 1987; Конструктивная механика. Современный курс сопротивления материалов и простейших конструкций. Ф., 1991.