ЛЕОНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕОНОВ Евгений Павлович (2. 9. 1926, Моск­ва- 29. 1. 1994, ошол эле жер) - орус актёру, СССР эл арт. (1978). 1947-ж. Москвадагы театр

Е. Леонов - Доцент. «Ийгилик жентельмендери» («Джентельмены удачи»). 1971.

студиясын бүтүргөн. 1948-68-жылдары Москва­дагы К. С. Станиславский атындагы драма театрын­да, Вл. Маяковский атындагы театрда 1968-72-ж. иш­теген. Л. диапазону кеңири ролдорду аткарып, ишенимдүү образдарды жараткан: Ванюшин (С. А. Найдёнов, «Ванюшиндин балдары»), Санчо Панса (Д. Вессерман жана Ж. Дериона, музы­касы М. Линики, «Ламанчтан келген адам») ж. б. 1974-90-ж. Ленин комсомолу атындагы театр­да иштеген. Ивановдун (А. П. Чехов, «Иванов»), Вожактын (В. В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Тевьенин (Г. И. Горин, «Эскерип сы­йынуу»; РФтин мамлекеттик сыйл., 1992) образдарын жеткиликтүү, терен ачып берген. Кинодо 1947- 60-жылдардын ортосунда көбүнчө трагикоме­дияга басым жасаган: реж. Г. Н. Данелиянын «Отузүч», «Афоня», «Күзгү марафон» (РСФСР Мамлекеттик сыйл., 1981), «Кин-дза-дза», «Настя» ж. б., Э. А. Рязановдун, В. В. Мельниковдун, М. А. Захаровдун фильмдеринде кейипкерлер­дин мүнөзүн ар тараптуу ачып, зор чеберчилик­те ойногон. Фильмдердеги эң көрүнүктүү ролдо­ру: Приходько («Белорус вокзалы», 1971), Коля («Афоня», 1975), Көз боочу («Жангын, жангын менин жылдызым» 1970), Потапов («Сыйлык», 1975; СССР Мамлекеттик сыйл., 1976). «Винни-Пух» анимациялык фильмин үн менен коштоого ка­тышкан.

Ад-: Исмаилова Н. X. Е. Леонов. М., 1995; Е. Лео­нов. М., 1998; Е. Леонов: Дневники, письма, вос­поминания. М., 2000..