ЛЕОНАРДО ДА ВЙНЧИ
ЛЕОНАРДО ДА ВЙНЧИ (15. 4. 1452, Тоскана, Винчиге жакын Анкияно - 2. 5. 1519, Франция, Амбуаз, Кло-Люсе сепили) - италян живописчиси, скульптор, архитектор, илимпоз жана инженер. Л. да В. көркөм өнөрдүн жаны каражаттарын иштеп чыгып, адамдын гуманисттик идеяларга каныккан көркөм образын түзгөн. Алгачкы Кайра жаралууга негиз салган. Италиянын көркөм маданият тарыхындагы маанилүү этап болгон кватрочентонун Флоренциядагы өнөрканасынын таасири, астроном П. Тосканелли менен жакындашуу Л. да В-нин илимге кызыгуусун арттырган. Алгачкы иштеринде («МадоннаБенуа» 1478-ж. чен, Эрмитаж, Ленинград) Л. да В. кватрочентонун салттарын улантып, форманын көлөмүн жумшак жарык шаңы менен дааналап, кээде жүзүнө жылмаюу киргизип
көрсөткөн («Сыйкырчылардын сыйынуусу» 1481-82, Уффици, бүткөн эмес). Сүрөттөрүндө адамдын ички абалын таасирдүү мүнөздөп, адам денесинин кыймыл-аракетин анын рухий дүйнөсү менен шайкеш сүрөттөгөн. Миландын башкаруучусу Лодовико Моронун (1481-82-ж.) кол алдында аскер инженери, гидротехник, сарайдагы феерияларды уюштуруучунун кызматын аткарган. «Аскадагы мадонна» (1483-94, Лувр, Париж; экинчи варианты - 1497-1511, Улуттук галерея, Лондон) жакын адамдардын мамилелерин баяндап, кейипкерлер ошол кезде геол. жактан Л. да В. изилдеген аскалардын курчоосунда көргөзүлгөн. Санта-Мария делле Грацие монастырындагы тартылган сүрөт бийик этикалык мазмуну, композициясынын тактыгы менен Европалык искусствосунун өнүгүшүндөгү өзүнчө бийиктик болуп саналат. Кийинки жылдарда Л. да В. шаардан шаарга көчүп жүргөн. Флоренцияда жүргөндө баталдык (согуш темасы) жанрды негиздеген. «Жоконда» (1503-ж. чен, Лувр) портретинде дөөлөттүү шаар аялынын образы (Мона Лиза) назиктик менен көтөрүңкү маанайдын бийик идеалы катары берилет; портреттин композициялык маанилүү элементи болуп күңүрт боёк менен берилген мейкиндик пей-
заж эсептелет. Кийинчерээк эстеликтердин долбоорун, ар түрдүү композицияларды түзгөн. Л. да В. өз ойлорун бир системага салган атайын эмгек калтырган эмес. «Живопись жөнүндөгү трактаты» шакирти Ф. Мельци тарабынан чогултулуп, Европада көркөм практикага, теориялык ой-пикирге чоң таасир тийгизген. Л. да В. искусство менен илимди ажырагыс байланышта караган. Илимде математиканы жогору койгон сыяктуу универсалдуу искусство катары живописке биринчиликти ыйгарган. Л. да В. окумуштуу жана инженер катары илимдин көп тармактарын байыткан. Физикада сүрүлүүнүн закондорун, техникада токуу станогу, металл эритүүчү меш, суу астында сүзүүчү кеме, парашют ж. б-ды ойлоп тапкан. Анатомия боюнча адамдын организминин сүрөттөрүн тартып, функцияларын изилдеп, ал түгүл ботаника боюнча да өсүмдүктөрдүн тиричилигин изилдеген бир канча эмгектерди калтырган.
Ад..' Леонардо да Винчи и культура возрождения/ Отв. редакциялык Л. М. Брагина. М., 2004; Целънер Ф. Леонардо да Винчи. М., 2004; Зубов В. П. Леонардо да Винчи. 2-е изд. М., 2008.


