ЛЕНКОРАНЬ ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНКОРАНЬ ОЙДУҢУ Азербайжан Респ-нын аймагында. Талыш тоосу менен Каспий денизи­нин аралыгында жайгашкан кууш ( жазылыгы 5-30 км), тектирлүү, денизге карай энкейиш түздүк (чыгыш бөлүгү саздуу, көлү көп). Клима­ты нымдуу субтропиктик. Июлдун орт. темп­расы 26°С, январдыкы 0-3°С. Жылдык жаан­чачыны 1100-1700 мм (максимуму кышында жаайт). Нымдуу субтропиктик жазы жалбырак­туу токой жана шалбаалуу-саздак ландшафт мү­нөздүү. Саз-шалбаа жана сары-күл топурактары өөрчүгөн. Токою гиркан тибинде, анда каштан, жалбырактуу эмен, катыранкы, ольха ж. б. өсөт. Камыштуу саз жерлери бар. Шалы, чай, тамеки, жашылча, цитрус өсүмдүктөрү, курма, фейхоа, тунг ж. б. өстүрүлөт. Л. о-нун аймагын­да жана Каспий денизинин ага чектеш жаткан акваториясында Кызыл-Агач кбругу уюшулган.