ЛЕНИНПОЛЬ АКИТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНИНПОЛЬ АКИТАШ КЕНИ Талас обл-нун Бакай-Ата р-нунда, Талас ш-нан 28 км батыш­та. Курташ кыш-нан 1,5 км түндүк-батышта, де­ңиз деңг. 750-1050 м бийиктикте жайгашкан. 1955-ж. ачылып, толук чалгындалган. Кен про­терозой заманынын аягындагы кристаллдуу сланецтердин арасында жатат. Пайдалуу аки­таш тоо тек катмарынын калыңдыгы 20 м. Аки­таш теги майда бүртүкчөлүү, саргыч боз, кээде кызгылт темгилдүү ак түстөрдө. 1 кг акиден 2,6 л эринди чыгат; чылануу убагы 60 сек. Би­ринчи сорттогу акиташ алууга жана цемент даяр­доого болот. Запасы 2 миллион 457 миң т. Ачык түрдө казып алууга болот.