ЛЕЙБНИЦ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕЙБНИЦ Готфрид Вильгельм (1. 7. 1646, Лейпциг - 14. 11. 1716, Ганновер) - немис иде­алист-философу, математик, физик, ойлоп табуучу, юрист, тарыхчы, тилчи. Лейпциг ж-а Йен ун-тинде философияны ж-а юриспруденци­яны, 1672-76-ж. Парижде математика ж-а та­бият таанууну окуп-үйрөнгөн. 1676-жылдан өмү­рүнүн аягына чейин Германияда, адегенде ган­новердик герцогдордун сарай китепканачысы, кийин герцогдордун тарых жазгычы, юстиция­нын жашыруун кеңешчиси болуп иштеген. 1700- жылдан Берлин ил. коомунун алгачкы прези­денти. 1711-12 ж-а 1716-жылдарда Пётр I м-н кезигип, Россияда билим берүүнү ж-а мамл. баш­карууну өнүктүрүүнүн долбоорлорун иштеп чык­кан. Л. мейкиндиктин, убакыттын ж-а кый­мылдын салыштырмалуулугу ж-дөгү окууну өнүктүргөн. Л. энергиянын сакталуу законунун 1-формулировкасы болуп эсептелген «жандуу күчтөрдүн» сакталуу законун ачкан. Физиканын атайын бөлүктөрүндө (серпилгичтик теориясы, термелүүлөр теориясы ж. б.) да Л-тин ачылыш­тарыбар. Математика б-ча эмгектери: «Тегерек­тин квадратка анык катышы тууралуу» (1682), «Максимум жана минимумдардын жаңы мето­ду» (1684) ж. б. Математикага «дифференциал», «дифференциалдык эсептөөлөр», «дифферен­циалдык тендеме», «функция», «өзгөрмө», «ту­руктуу», «координаталар», «абсцисса», «алгеб­ралык ж-а трансценденттик ийри сызыктар», «алгоритм» ж. б. терминдерди киргизген. Л. оп­тикалык приборлорду ж-а гидравликалык ма­шиналардын долбоорлорун түзгөн, интегралдоо­чу алгачкы машинаны ж-а эсептөөчү машина­ны ойлоп тапкан.

Ад.: Погребысский И. Б. Г. В. Лейбниц. 2-е изд. М., 2004; Фишер К. История новой философии: Лейбниц. М., 2005.