ЛЕГИТИМДЕШТИРҮҮ
ЛЕГИТИМДЕШТИРҮҮ (лат. 1е£1Пти8 - мыйзамдуу, укуктуу) - бийликтин мыйзамдуулугун камсыз кылуу процесси, б. а. саясатта кандайдыр бир аракетти, окуяны же кызмат адамынын ишин коомго мыйзамдаштырып таанытуу. Л. юрид. функцияга ээ эмес ж-а укуктук процесс болуп саналбайт. Л. жүргүзүлүп жаткан саясатты, бийликти бекемдейт, саясий чечимдерди актайт. Саясатта Л. анын бардык факторлоруна: бийликке, методдоруна, документтерге ж. б-га таралат. М. Вебер Л-нү төмөнкүчө классификациялайт: 1) с а л т т ы к Л. (нарк-нускага, каада-салтка таянуу); 2) харизмалык Л. (жеке адамга сыйынуу); 3) рацион алд у у Л. (легалдуу мыйзамдарга таянуу). Л. бийликтин да, коомдук көзөмөлдүн да саясий куралы.