ЛЕБЁДКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕБЁДКА - ар кандай жүктү аркан, чынжыр, зымдын жардамы м-н ары-бери, өйдө-төмөн жылдыруучу машина. Тартуу күчү кыймыл өт­көрүүчү механизм ж-а айланып туруучу бара­бан аркылуу берилет. Тиштүү, бурама, фрикция, тасма түрүндөгү кыймыл берүүчүлөр пайдаланы­лат. Кол же атайын кыймылдаткычтар (электр, ичинен күйүүчү, буу ж. б.) аркылуу ишке кирги­зилет. Жүктөө, түшүрүү, кураштыруу, оңдоо, ку­рулуш ж-а ремонттоо иштеринде, жер казуучу машиналарда, жүк көтөрүүчү крандарда, асма жолдордо, бургулоо скважиналарында колдо­нулат.