ЛАТЫШ ТИЛИ —

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТЫШ ТИЛИ — латыштардын тили. Неги­зинен Латвия Респ-сында жашаган элдер сүй­лөйт. Индевропа тилдеринин балтика тобуна ки­рет. Л. т. - ортонку латыш, ливон, жогорку ла­тыш деп 3 диалектиге бөлүнөт. Адабий тили ортонку латыш диалектисинин негизинде ка­лыптанган. Л. т-нин негизги өзгөчөлүктөрү: ба­сым сөздүн биринчи муунуна түшөт; жак ж-а жөндөмө системасы ар түрдүү; дифтонгдору жоюлган, сөз мүчөлөрүндөгү созулмалар кыска­рып калган. Жазмасы 16-к-дан латын алфави­тинде.

Ад.: Андронов А. В. Материалы для латынско­русского словаря. СПб., 2002; Сталтмане В. Э. Латынский язык//Языки мира; Балтийские языки. М., 2006.