ЛАРИСА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАРИСА - Грекиядагы эң байыркы шаарлар­дын бири. Фессалия перифериясынын ж-а Лари­са номунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Фес­салия түздүгүндө жайгашкан. Калкы 135,3 мин (2010). Жолдор тоому. Т. ж. бекети. Б. з. ч. 6-к-дан Фессалиядагы ири шаар. Л-нын эски кварталдарында антик дооруна таандык театр­дын калдыктары (б. з. ч. 3-к.), Ыйык Ахилия базиликасы, паркы, собору, епископтордун ак сарайы, «бедестен» (түрктөрдүн үстү жабык ба­зары; 15-к-дын аягы -16-к-дын башы), Байрак­ли мечитинин калдыктары ж. б. сакталган. Шаардын экономикасынын негизин а. ч. про­дуктуларын белендөө түзөт. Жашылча-же­миш ж-а консерва, тамак-аш (кант, эт, сүт), ө. ж-дын ар кандай тармактары үчүн роботтор­ду чыгаруу өндүрүшү, текстиль, тигүү ф-калары иштейт.