ЛАКТАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАКТАЦИЯ (лат. 1ас1о - сүт м-н тамактан­дырам) - сут эмуүчулөрдун ж-а адамдын сүт пай­да кылуу, топтоо ж-а бөлүп чыгаруу процесси. Л. жаныбарда төлдөгөндөн, аялда төрөттөн ки­йин башталат. Ал маммогенез (эмчек безинин жетилүүсү), лактогенез (сүттүн пайда болушу ж-а бөлүнүп чыгышы) стадияларынан турат. Маммогенез бойго бүткөндөн 2-3 айдан кийин башталат. Анда бездин сут жаратуучу клеткалары көбөйөт, эмчектин үрпү чоңоёт. Лактогенез учурунда альвеолалардын эпителий клеткаларында сүт пайда болот. Сүттүн курамындагы белок амин к-таларынан, лактоза глюкозадан, май кандагы май к-та­ларынан синтезделет. Л. татаал нейрогумордук процесс. Аны жөнгө салууда гипоталамус ж-а гипофиздин мааниси чоң. Бала эмизген энеде Л. жакшы болуш үчүн алардын тамагында орто эсеп м-н суткасына 110-130 г белок, 100-130 г май, 450-500 г углевод болуп, туура тамакта­нуу, 1,5-2 лче сут ж-а сүт азыктарын көбүрөөк пайдалануу зарыл. Л. аялдын дене түзүлүшунун өзгөчөлүгүнө, нерв системасынын туруктуулугу­на, мүнөзунө, төрөттөн кийинки ден соолугуна, туура тамактануусуна ж. б. байланыштуу бо­лот. Кээ бир энелердин эмчегинен төрөттөн ки­йин сүт чыкпайт (агалактия), айрымдарынан сүт аз чыгат (гипогалактия), кээ бир аялдар сүттүү болот (гиперлактия). Агалактия сейрек учурайт, ал негизинен эмчек безинин жетилбей калышынан, эндокриндик, кээде психикалык бузулуулардан болот. Г и п о г а­лактияга эмчек безинин, үрпүнүн жакшы өспөгөндүгү, сүт пайда болууга катышкан гор­мондордун жетишсиздиги, түрдүү оорулар (кант диабети, мастит, рак, нефрит ж. б.) түрткү болот. Жаныбарларда Л. тууттан кийин көбөйүп, акырындап азая баштайт. Малдын сүттүүлүгү анын породасына, түрүнө, тоюттандырылышына ж. б. шарттарга байла­ныштуу. Мастит, өзүнөн-өзү ийүу ж-а таш эм­чек, кара желин болуу Л-нын бузулушуна алып келет.