ЛАВРАЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАВРАЗИЯ (мурдагы Лаврентий калканы м-н Азия материгинин атынан) - Түн. Америка, Чыгыш Европа, Сибирь (балким Кытай-Корей, Түш. Кытай) платформаларынан турган байыр­кы зор материк. Бул платформалардын ортосу­нан каледон ж-а герцин бүктөлүү зоналары орун алган. Девон мезгилинин башталышында пай­да болуп, мезозой заманынын ортосуна чейин турган. Кийин Атлантика океаны орун алганда азыркы абалга келген.