ЛАБРАДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАБРАДОР (Лабрадор ж. а-ндагы кендин аты­нан) - плагиоклаздар тобуна кирүүчү минерал. Альбит м-н анортиттин (50-70%) изоморфтуу кошулмасы. Триклин системасында кристаллда­нат. Өңү түссүз, агыш же бозомук кара. Жарыкта кочкул көк болуп кубулжуйт (ирризацияланат). Катуулугу 6. С. салм. 2,7-2,75. Негиздүү магма­лык тектердин (габбро, базальт, диабаз) кура­мын түзөт.