ЛАХУТЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАХУТЙ Абулкасим Ахмедзаде (4. 12. 1887, Батыш Иран, Керманшах - 16. 3. 1957, Моск­ва) - тажик акыны. 1905-11-жылдардагы Иран­дагы рев-янын катышуучусу. 1922-жылдан СССРде жашаган. СССРге келген соң тажик поэ­зиясын түптөөгө катышкан. 1925-30-ж. Тажик ССР Эл агартуу комиссарынын орун басары, 1934-жылдан СССР жазуучулар союзунун сек­ретары болгон. Чыгармалары 1907-жылдан жа­рыялана баштаган. Алгачкы ыр жыйнактары: «Жазгы баар», «Лахутинин берметтери» экөө тең 1921, фарси тилинде) «Кремль» (1923), «Жара­туучу тапка» (1933), «Таалай Мекени» (1935), «Танянын жеңиши» (1942), «Кыйышпастар» (1943) деген поэмалардын автору. Анын Фир­доусинин «Шахнамесинин» сюжети б-чажазган «Кава уста» поэмасынын либреттосуна А. Ба­ласанян опера койгон. Согуштан кийин Л-нин тандамал ырлары үч жыйнак болуп басмадан чыккан. Ал А. С. Пушкин, В. В. Маяковский, У. Шекспир, Лопе де Вега ж. б. акын-жазуучу­лардын чыгармаларын тажикчеге которгон. Чыг-лыгында перс ж-а тажик ад-тынын салт­тарын нуска тутуп, поэзияга фольклордук негиз­деги жаңы поэтикалык форма, өлчөм киргиз­ген. Л-нин чыгармалары СССР, Европа, Азия элдеринин тилдерине которулган. Ленин орде­ни м-н сыйланган.