ЛАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАКТАР (өздөрүн лак, эскиче казикумухтар деп аташат) - РФтеги эл; Дагстандын жерг. кал­кы.

Тоолуу Дагстандын борб. бөлүгүндө (Лак ж-а Кулин р-ндору), Түн. Дагстанда (Новолак р-ну), Ставрополь крайы, Кабарда-Балкария, Москвада, о. эле Өзбекстан, Түркмөнстан, Та­жикстан ж-а Азербайжанда да жашашат. Жал­пы саны 185 миң киши, а. и. 139,7 миңи Даг­станда (2010). Лак ж-а орус тилинде сүйлөшөт. Дини б-ча мусулман-сунниттер. Л. алгач Кази­кумух хандыгына (шамхалдык) баш ийип, 1820-ж. Россияга кошул­ган, 1860-ж. Дагстан обл­нун Казикумух округун­да хандык болуп түзүл­гөн, 1922-жылдан Лак округу, 1928-жылдан кантон, 1929-жылдан Дагстан АССРинин кура­мындагы район, 1935-ж. Лак ж-а Кулин р-ндору­на бөлүнгөн. 1944-ж. Л. күч м-н депортациялан­ган. Негизги кесиби - дыйканчылык, мал чар­бачылык, багбанчылык ж-а кол өнөрчүлүк. Тоо­луу райондордо жүн (кез­деме, кийиз, килем, таар ж. б. токуу иштери), ме­талл, жыгач, таш ж-а те­ри иштетүү кеңири өнүк­көн. Л-дын салттык со­циалдык уюмун аиылдык жамаат түзүп, акса­калдар кеңеши башкарган. Бир тукумдан тара­ган үй-бүлөнүн патрилиниялык тобу сакталган. Л. эки кабаттуу үйлөрдү куруп, чатырын темир же черепица м-н жабышкан. Эркектер туника сымал көйнөк, ыштан, бешмант, черкеска (бели тар, жакасыз, узун тар чапан), аялдар көйнөк, кенен шым, тон ж-а булгаары өтүк, башына күмүш кооздуктар м-н жасалгаланган жамын­гыч оронушкан. Салттуу тамак-ашы - дан, эт, сүт азыктары, о. эле жашылча-жемиштер. Улут­тук майрамдары - Жаңы жыл, Кош айдоо, Түшүм жыйноо ж. б.

Ад.: Булатова А. Г. Лакцы. Махачкала. 2000.

Ш. Керимова.