ЛА-КОРУНЬЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛА-КОРУНЬЯ - Испаниянын түн.-батышында­гы шаар. Галисия обл-нда, Ла-Корунья провин­циясынын адм. борбору. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан эң ири деңиз порту. Порт комплекси 4 терминалды (нефть, суюлтулган газ, контейнер ж-а балык) камтыйт. Калкы 244,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Рим­диктер тарабынан б. з. ч. 2-к-да негизделген. Паласио Мунисипаль ак сарайы (1904), чир­көөлөр, форттор, «Геркулес мунарасы» маягы (2-к-дын башы), монумент ж. б. сакталган. Нефть ажыратуу, тамак-аш ө. ж., цемент з-ддору иштейт. Пиво кайнатылат. Ун-т, ин-т, архив, китепкана, музейлер, испан жазуучуларынын үй-музейлери, театр ж. б. бар. Туризмдин бор­бору.