ЛАЗЕРДИК ПЛАЗМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:02, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАЗЕРДИК ПЛАЗМА - фокусталган кубаттуу лазердик нурлануунун аракети астында газды иондоштуруунун өнүгүшүнөн пайда болгон плаз­ма. Темп-расы -2‘104 К болгон Л. п. төмөнкү

темп-ралуу плазма. Жыштыктын оптикалык диапазонуна таандык энергияны мейкиндик аркылуу берүүдө Л. п. кенири колдонулат. Аны оптикалык разрядды чектөөгө ж-а туруктуу чон' жарык булагы катары пайдаланууга болот; ту­руктуу чектелген разряд аркылуу газды үйлөтүп, плазманын үзгүлтүксүз агымы алынат. Мындай түзүлүш кадимки жаалык ж-а жогорку жыш­тыктагы плазматрондордон артыкча айырма­ланган оптикалык плазматрон болот. Кубаттуу лазердин фокусталган нурлары м-н катуу бута­ны же кысылган газды нурлантканда термояд­ролук реакциясы жүрүүчү жогорку темп-радагы (_107 7Г) тыгыз плазма пайда болот. Мындай Л. п-ны бяттгкярьтлуучу термоядролук синтездин проблемаларын чечүүдө колдонууга болот.

ЛАЗСТАН - Түркиянын түн.-чыгышындагы табигый аймак. Чыгыш Понт тоолорунун Кара денизди караган түн. капталын ээлейт. Бийикт. 3931 .иге чейин (Лазстан кырка тоосундагы Кач­кар чокусу). Капталдарында терен дарыя өрөөн­дөрү бар. Климаты субтропиктик, жаан-чачын жыл бою мол жаайт (2—3 мин мм). Жээк тил­кесинде тамеки, жүзүм, жүгөрү, фундук, цитрус өсүмдуктөрү өстүрүлөт. Кырка тоо этектерине эмен, ак чечек, бук, граб ж-а дайыма жашыл бадал аралаш токой, андан жогору карагай, көк карагай ж-а тоо шалбаасы мүнөздүү. Байыркы муз каптоо доорунда Л-дын аймагын жылуучул өсүмдүктөр м-н жаныбарлар байырлаган.