ЛЕЙТМОТИВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕЙТМОТИВ (нем. 1еИшоНу - сөзмө-сөз - не­гизги мотив, жетектөөчү мотив) - 1) ад аб и ят таанууда чыгарманын негизги мотиви (идеясы) катары өтмө мааниде колдонулат. Л. кейипкердин, көрүнүштүн мүнөздөмөсү же шарттуу белгиси катары кызмат кылат. Чыгар­мадагы негизги өзөк болуп жүргөн нерсе Л-ди түзөт. Мис., «Манас» эпосунун Л-и - бытыран­ды кыргыз журтун бириктирүү, тышкы душман­дардан коргоп туруу, Ч. Айтматовдун «Жамий­ла» повестинин Л-и - коомдогу адамдын тур­мушу м-н сүйүүсүндө эркиндикти даңазалоо. «Л.» термини адамдын ишмердигинин башталышын аныктоодо, окуялардын тегерегинде ой жүгүр­түүдө ж. б. да кеңири колдонулат; 2) м у з ы к а­д а салыштырмалуу чакандыгы, таасирдүүлүгү м-н айырмаланып, муз. чыгарманы аткарууда улам кайталануучу обон, кайрык. Л. чыгарма­нын каарманынын, бир кубулуштун, сезимдин же айтылуучу ойдун белгиси - «тамгасы» бо­луп эсептелет. Л. катары обон, үндөштүк кай­рык, үч үндүк же аспаптык тембр пайдала­нылышы да мүмкүн. Л. 19-к-дан тартып муз. театр жанрында, программалуу симф. чыгарма­ларда ж. б. колдонула баштаган.