ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ - Баткен обл-ндагы адм. район. 1928-ж. уюшулган. Баткен обл-нун ба­тыш бөлүгүндө жайгашып, түн.-батышынан

ж-а түштүгүнөн Тажикстан (мында чек

арасынын уз. 297 км), чыгышынан Бат­кен р-ну м-н чектешет. Респ­нын борбору Бишкектен 1135 км, Пролетарск (Та­жикстан) т. ж. бекетинен 55 км, облустун борбору Бат­кен ш-нан 135 км алыстык­та. Аянты 4,7 миң км2 (Бат­кен обл-нун аймагынын 27,4%ин түзөт). Калкы 117,0 миң (2010). Райондо 2 шаар (Исфана, Сүлүктү), 9 айыл өкмөтү, 48 кыштак бар. Борбору - Исфана ш.

Райондун аймагы Фергана ойдуңунун бир аз бөлүгүн (мында Кырг-ндын деңиз деңг. эң жапыз жери жай­гашкан, 401 ж) ж-а аны түштүккө карай улап жат­кан адырлар м-н бийик этек тоолор тилкесин (алардын аралыгында Маргун, Дар­гун, Мадыген, Исфана ж. б. чакан өрөөндөр жайгашкан) ээлейт. 0. эле Туркстан кыр­ка тоосунун түн. капталы (эң бийик жери 5390 м, Са­бах чокусу), андагы өрөөн, капчыгайлар Бе­ли-Сынык, Тоо-Жайлоо ж. б. тоолордун түн. капталдары да райондун аймагына карайт. Климаты континенттик, жайы ысык, кургак; кышы мелүүн суук. Январдын орт. темп-расы өрөөндөрдө -4°С, тоолордо -9°С, июлдуку 25- 29°С, тоолордо 15-20°С. Жылдык жаан-чачы­ны өрөөндөрдө 150-300 мм, тоолордо 400- 600 мм. Суулары: Ак-Суу (куймалары: Дакат­Суу, Сардала, Сумбула), Кара-Суу, Лейлек (куймалары: Өрөм, Жети-Көпүрө, Кожо-Ба­кырган). Суулары сугатка кеңири пайдаланы­лат. Негизинен боз, тоолоруна тоо-токой, тоо­шалбаа топурактары мүнөздүү. Өсүмдүктөрдүн бийиктик алкактуулугу: жарым чөлдүү талаа (700-1500 м), талаа (1500-2700 м), арчаж-асей­рек токой (2500-3000 м), субальп талаасы, альп (3000-3500 м) өсүмдүктө-рү өсөт. 3500 м бийик­тиктен жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат.

Райондо облустун калкынын 27,3%и жашайт (2009). Орт. жыштыгы 1 клг2ге 22,4 киши. Төрөлүүнүн деңгээли 26,2%о, өлүм-житим - 5,2%о, табигый өсүш - 2,3%о (2009). Калкынын 67,4%и кыргыздар, 26,1%и өзбектер,_6,1%итажиктер, 0,4% и башка улуттар. Калкынын эмгек жашы­на чейинкилери 44,7% , эмгек жашындагылары 48,4%, эмгек жашынан өткөндөрү 6,9%. Ра­йондун экономикасынын негизин а. ч. түзөт.

А. ч-нын негизги тармагы - дан эгиндерин өс­түрүү ж-а кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 466,1 миң га (2009-ж.), а. и. а. ч-га жарактуу жери 253,0 миң га (жеринин 54,3%и). Айдоо аянты 34,2 миң га (анын 9,7 миң гасы сугат жер), 3,4 миң гасы көп жылдык өсумдүктөр эги­лет, 6,6 миң гасы чабынды, 207,6 миң гасы жа­йыт (2009). Дан эгиндери 17,0 миң гага а. и. буудай (7,9 мин. га), май берүүчү өсүмдүктөр (0,5), картөшкө (0,7), жашылча (0,8) ж. б. өс­түрүлөт. Багбанчылык (3,4 миң га) ж-а жүзүм­чүлүк өнүккөн. 2010-ж. райондо 33,7 миң бодо мал (а. и. саан уй 18,5 миң), 170,0 миң кой-эчки (облустагы кой-эчкинин 38,5% и), 3,2 миң жыл­кы, 60,8 миң үй куштары асыралган. Облуста өндүрүлгөн дандын 31,0% ин, картөшкөнүн 31,3% ин, жашылчанын 35,0% ин, жүзүмдун 22,1%ин, эттин 34,4%ин, сүттун 35,3%ин, жүн­дүн 38,3% ин берет (2009). Облуста өндурүлгөн ө. ж. продукциясынын 13,2% ин чыгарат (2009). Өнөр жайдын негизин тамак-аш ө. ж. түзөт. Ири ишканалары: «Бохус-Юг», АРБЭТ и К кичи ишканалары (шарап чыгарат), «Лейлек куру­луш» кыш чыгаруучу з-ду, «Ынтымак» АК (ки­йим тигүу цехи) ж. б. Райондун чегиндеги ав­томобиль жолунун жалпы уз. 405 км, а. и. 123 кмл эл аралык, 65 кмл мамл., 217 кмл жерг. мааниде. Аймагынан Ош - Исфана, Исфана - Ош - Бишкек автомобиль жолдору өтөт.

-ж. автомобиль транспорту м-н 274,7 миң т жүк, 73,4 млн км жүргүнчү ташылган.

Райондо жалпы билим берүүчү 56 (а. и. 2 муз.) мектеп, гимназия, 20 мектепке чейинки меке­ме, кесиптик-тех. орто окуу жайы, № 48 ли­цей, балдардын ден соолугун чыңдоочу борбор, 27 айылдык китепкана, 19 мад-т үйү, 4 музей, о. эле клубдар, маданий эс алуу жайы ж-а парк бар. Райондук бир, аймактык 5 оорукана, 23 ФАП, 27 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. мед. мекемелер иштейт (2009).

А. Муралиева, Б. Амираева.