ЛАФФЕР СЫЗЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАФФЕР СЫЗЫГЫ - кирешеге салык ставка­сы м-н салык төлөмдөрүнүн өз ара катнашын чагылдырган сызык. Л. с. салыктын өлкөнүн кирешесин максимумуна жеткирген оптималдуу деңгээлин сүрөттөйт. Бул деңгээлден жогору са­лык алуу өлкөнүн кирешесин азайтат. Антке­ни Л. с-нан жогорку салыктар өндүрүүчүлөргө продукция өндүрүүнү пайдасыз кылып, өндүрүш­тү токтоттурат. Мындан салык базасы ж-а сум­масы аргасыз кескин түшөт.