ЛАТЫШ ТИЛИ —
ЛАТЫШ ТИЛИ — латыштардын тили. Негизинен Латвия Респ-сында жашаган элдер сүйлөйт. Индевропа тилдеринин балтика тобуна кирет. Л. т. - ортонку латыш, ливон, жогорку латыш деп 3 диалектиге бөлүнөт. Адабий тили ортонку латыш диалектисинин негизинде калыптанган. Л. т-нин негизги өзгөчөлүктөрү: басым сөздүн биринчи муунуна түшөт; жак ж-а жөндөмө системасы ар түрдүү; дифтонгдору жоюлган, сөз мүчөлөрүндөгү созулмалар кыскарып калган. Жазмасы 16-к-дан латын алфавитинде.
Ад.: Андронов А. В. Материалы для латынскорусского словаря. СПб., 2002; Сталтмане В. Э. Латынский язык//Языки мира; Балтийские языки. М., 2006.