ЛАНДШАФТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАНДШАФТ (нем. Ьапй - жер, зсЬай - өз ара байланыш), географиялык ланд­ш а ф т - географиянын фундаменталдуу түшүнүктүрүнүн бири: бирдей шартта пайда бо­луп, геогр. компоненттери (рельеф, климат, то­пурак-өсүмдүктөрү ж. б.) окшош болгон Жер бетинин бөлүгү; аны түзгөн морфол. бирдик­тердин (фация, урочище) мыйзам ченемдуү ай­калышы. Бул терминдин 1-ил. аныктамасы Л. С. Бергге тиешелүү (1913). Андан соң 20- к-дын 30-40-ж. Л. Г. Раменский, В. Б. Сочава ж. б. орус окумуштуулары өөрчүткөн. Термин илимге киргенден көп түрдүү өзгөрүп, негизи­нен, табигый аймактык комплекстин синони­ми, морфол. ж-а функциялык өзгөчөлүктөрү окшош табигый участкалардын (тайга ландшаф­ты, талаа ландшафты, шаар ландшафты ж. б.) жалпылыгы же пейзаж катары кеңири колдо­нулуп келет. Табигый л-тардын терең өзгөрүүсү маданий ж-а антропогендик ландшафттын ка­лыптануусуна алып келген.