ЛАДОГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАДОГА (байыркы аты — Н е в о) — Европада­гы тузсуз ири көл. Россиянын европ. бөлүгүнүн түн.-батышында, Карелия м-н Ленинград обл-нда жайгашкан. Аянты 17,9 миң км2, аралдары м-н 18,3 миң км2. Уз. 219 км, орт. жазылыгы 84 км. Тереңдиги 51 м, эң терең жери 230 м. Суусунун көлөмү 838 ± 2,4 клг3. Жээк сызыгынын

уз. 1570 км. Чанагы мөңгүнүн аракетинен ж-а тектон. кыймылдан пайда болгон. Түн. жээги көбүнчө бийик, аскалуу (фьорд, шхерлер), түш­түгү жапыз, бир аз тилмеленген. ббОтай аралы бар, ирилери: Рискалансари, Мантсинсари, Ва­лаам аралдары. Волхов, Свирь, Вуокса д. куюп, Нева д. агып чыгат. Шамалдын таасиринен дең­гээлинин кескин өзгөрүп туруусу ж-а сейше ку­булуштары, шторм шамалы мүнөздүү. Суусунун үстүнкү бетинин орт. темп-расы августта 16°С чамасында, эң жогору темп-расы 25°Ска чейин; түбүнө жакын катмарында кышында 2-2,5°С, жайында 4-5°С. Декабрь-февралда тонуп, март—апрелде ачылат. Балык кармалат. Кеме жүрөт. Волга-Балтика ж-а Ак деңиз-Балтика суу жолу системасына кирет. Жээгинде Прио­зёрск, Петрокрепость, Жаны Ладога, Сортавала ш. жайгашкан. Көл аркылуу 9-12-к-да түндүгү Русту, түштүгү Скандинавия, Балтика боюн Ви­зантия м-н байланьпптырган «варягдардан грек­терге» соода жолу өткөн. Улуу Ата Мекендик согушта муз үстү м-н Ленинградга азык-түлүк ж-а курал-жабдык ташылган.

Ад.: Биологические ресурсы Ладожского озера. Л., 1968; Современное состояние экосистемы Ладожского озера. Л. 1987; Ладожское озеро. Прошлое, настоя­щее, будущее. СПб., 2002.