ЛАГРАНЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАГРАНЖ Жозеф Луи (25. 1. 1736, Турин - 10. 4. 1813, Париж) - француз математиги ж-а ме­ханиги. Париж ИАнын мүчөсү (1772), Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1776). 1759-ж. Берлин ИАнын мүчөсү, анын президен­ти (1766-87). 1787-ж. Л. Парижге келген, 1795- жылдан Нормалдуу ж-а политех. мектепте проф. (1797). Эмгектери вариациялык эсептөө, анализ­дик ж-а теор. механикага арналган. Ал алгеб­ра, сандар теориясы, дифференциалдык тенде­мелер, интерполяция, матем. картография, ас­трономия ж. б. б-ча изилдөө жүргүзгөн. Мате­матикага туундунун /'(х) түрүндөгү белгилени­шин киргизген, «Анализдик механика» деген классикалык трактатында (1788) статиканын негизине мүмкүн болгон которуштуруу принци­бин, ал эми динамиканын негизине - ушул принциптин Д’Аламбер принциби м-н айкалы­шын (Д’Аламбер - Лагранж принциби) койгон кыймыл теңцемесин берген, ал анын ысмы м-н аталган, к. Лагранж теңдемеси.

Ад.: Тюлина И.А. Ж. Л. Лагранж. М., 1977.