ЛАВРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАВРОВ Кирилл Юрьевич (15. 9. 1925, Ле­нинград - 27. 4. 2007, Санкт-Петербург) - орус актёру, СССР эл арт. (1972). Соц. Эмг. Баатыры (1985). 1945-ж. Астрахань авиация-тех. окуу жа­йын бүткөн. 1950-жылдан Киевде Леся Украин­ка атн. драма театрында иштеген. Киного 1956- жылдан тартылган, аскердик журналист Син­цовдун («Тирүүлөр жана өлгөндөр», 1964) ролу м-н таанылган. Илимпоз, космос кемесинин констр-у Башкирцевди («Отту басуу», РСФСР­дин Мамл. сыйл., 1974), В. И. Лениндин ролун «Ишеним» (1976) фильминде, «Жыйырманчы декабрь» (1981) телефильминде ойногон. Эки жүздүү, чүнчүгөн карама-каршы мүнөздөгү адам­дарга психол. анализ берүүнүн чебери катары Лапиндин («Адамдар, мага ишенгиле!», 1965), Иван Карамазовдун («Бир тууган Карамазов­дор», 1969), Гладышевдин («Сүйгөндүгүн айтуу»)

К. Лавров - Понтий Пилат. Режиссёр В. Бортко. «Мастер жана Маргарита» фильми. 2005.

ж-а граф Корнеевдин («Менин жароокер жана назик жырткычым») ролдорун жеткиликтүү ой­ногон. «Бактылуу узун өмүр» (1967), «Биздин тааныш» (1969), «Чайковский», «Любовь Яро­вая» (экөө тен 1970), «Океан» (1974), «Башка шаарга саякат» (1980) ж. б. фильмдерге тар­тылган. «Тынч Дон» романы б-ча тартылган фильминде Пётр Мелеховдун ролу үчүн СССР Мамл. сыйл. (1978), театрдагы ишмердиги үчүн Лениндик сыйл. (1982) алган. «Бандиттик Пе­тербург», «Мастер жана Маргарита», «Ленин­град» ж. б. телесериалдарга тартылган. Ленин, 2-даражадагы «Ата Мекенге синирген эмгеги үчүн» ордендери м-н сыйланган.