ЛЕЙЛЕК МРАМОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕЙЛЕК МРАМОР КЕНИ Баткен обл-нун Лей­лек р-нунда, Өзгөрүш кыш-нан 5 км түш. та­рапта, Түркстан кырка тоосунун түн. капталын­да, Лейлек суусунун оң өйүзүндө. 1951-ж. табы­лып, 1973-75-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур м-н девондун карбонат-тер­риген чөкмөлөрү ж-а антропогендик борпоң тек­тер түзөт. Мрамор катмары девондук чөкмөлөр­дүн арасында жатат. Калыңдыгы 1200-1300 м. Мрамор майда бүртүкчөлүү, ак, агыш боз ж-а каралжын боз түстөрдө, көбүнчө жол-жол тем­гилдүү кооз чиймелер учурайт. Оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Сүрүлүп жылмаланганда өтө кооз көрүнөт. Блоктуулугу 0,5-5 м3. Запа­сы 3240 миң м3. Мрамор имараттардын дубал­дарын кооздоп каптоого ж-а кооз буюмдарды жасоого жарактуу.