ЛАПТЕВ
ЛАПТЕВ Дмитрий Яковлевич [1701, Великие Луки уезди, Болотов кыш. - 20 (31). 1. 1767, ошол эле жер] — орус уюл изилдөөчүсү, деңиз саякатчысы вице-адмирал (1762). 1718-ж. Балтика флотунда гардемарин болуп кызмат кыла баштаган. 1736-ж. 2-Камчатка экспедициясынын түндүктөгү бир отрядын жетектеген. Натыйжада «Иркутск» кемесинде сүзүп, кургактыкта чана м-н жүрүп (1739-42), алгачкылардан болуп Түн. Муз океанынан чыгышты карай Лена д-нын чатынан Чоң Баранов тумшугуна чейин (Колыма д-нан чыгышка) жеткен ж-а бул жерлерди сыпаттап жазган. Яна, Индигирка, Хрома, Колыма, Чоң Анюй ж-а Анадырь д-н Анадырдан Охота денизиндеги Пенжина колтугуна чейин картага тушүрүп, Ыйык Антоний а-н да изилдеген. Анын ысмынан Лена д-нын дельтасындагы тумшук, Чоң Лиховск а. м-н Азиянын ортосундагы кысык, Түн. Муз
океанындагы деңиз аталаш туугандар Лаптевдердин урматына аталган.