ЛАНДШАФТ ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАНДШАФТ ТААНУУ - физ.-географиянын табигый-аймактык комплекстерди (геосистема­ларды) изилдөөчү тармагы. Л. т. физ.-геогр. жиктөөнүн физ.-геогр. райондоштуруунун ж-а геогр. ландшафттын закондорун окутат. Таби­гый ж-а табигый-антропогендик ландшафттар ж-дөгү илим, физ. географиянын тармагы. Л. т. региондук физ. география тармагы катары тез өнүгүп жаткан жаш илим. Л. т-нун айланасында ландшафттын морфологиясы, геотопология, ландшафт геохимиясы, ландшафт физикасы, колдонмо Л. т. башка бир нече тармактар пай­да болду. Л. т-да дистанциялык (а. и. космос­тук), стационардык, матем. ж-а картогр. ык­малар колдонулат. Башкы ыкмасы - ландшафт­ты сүрөткө тартуу. Картогр. ж-а матем. моделдөө да маанилүү Л. т-нун башкы милдети - жара­тылышка аяр мамиле жасап, табиятты кор­гоо. Л. т-нун өнүгүшүнө В. В. Докучаев ж-а анын шакирттери Л. С. Берг, А. А. Григорьев, С. В. Калесник өңдүу орус илимпоздору зор са­лым кошкон, к. Ландшафт.