ЛАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАМА (Ьаша) - төөлөр тукумундагы ача туяк­туулар уруусу. Л. кадимки төөдөн кичине ж-а өркөчү жок.

Альпака.

Бийикт. 140 см, салмагы 80-110 кг. Жүнү ичке, узун. Өңү ак, күрөн кызгылтым ж-а кара, кээси чаар. Көбүнчө жалкы, кээде эгиз тайлак (11 ай көтөрүп) тууйт. Түш. Америка­нын бөксө тооло­руна таралган. Л-нын 2 түрү - гуанако ж-а вику­нья бар, экөө тен бакмалаштырыл­ган. Жапайы Л. бакмасы м-н ар­гындаштырылып, тукумчул Л-лар чыгарылган. Украинада «Аскания-Нова» кору­гунда асыралат. Перу, Боливияда күч унаа ка­тары пайдаланылат. Жүнүнөн ар кандай калын кездеме токулат.