ЛАГО-МАЖОРЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:53, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАГО-МАЖОРЕ (италянча Ьа§о Ма££юге - чоң көл), Вербано - Италия м-н Швейцарияда­гы көл. Альп тоолорунун түш. тармактарында. Аянты 212 клг2, уз. 62,5 км, тереңдиги 372 лгге чейин. Тоо аралык ойдунда деңиз деңг. 194 м бийикте жайгашкан. Жээги бийик, жардуу. Л--М. аркылуу Тичино д. (По д-нын сол куйма­сы) агып өтөт. Кеме жүрөт. Балык кармалат. Туризм өнүккөн; климаттык курорттору: Аско­на, Локарно (Швейцария), Интра, Каннобио, Ла­вено, Палланца, Стреза (Италия) ж. б.