ВЕТЛУГА
ВЕТЛУ́ГА – Россиянын Киров, Кострома, Нижегород облустары менен Марий Эл Республикасынын аймактары аркылуу аккан дарыя, Волганын сол куймасы (Чебоксары суу сактагычына куят). Узундугу 889 км, алабынын аянты 39,4 миң км2. Суусунун орточо чыгымы 255 м3/сек. Ноябрдан майга чейин муз тоңот. Чатынан 700 кмге чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Ветлуга шаары жайгашкан.