ВЕТЕРИНАРИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ
ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ – мал чарбасында, жаныбардан алынган прокдуцияны жана сырьёну кайра иштетүүчү өнөр жайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбарларды жана алардан алынган продукцияны экспорттоодо жана импорттоодо ветеринария-санитариялык норма жана эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. Ошондой эле ошол продукциялардын санитариялык сапатына да жооп берет. Ветеринария-санитариялык көзөмөлүнүн ветеринариялык адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге таянып норманын чегинен чыккан продукциялардын абалын жана сапатын аныктайт. Бул көзөмөлгө эт жана башка тамак-аш продуктуларын изилдөө ветеринариялык закон талап кылгандай ар бир жаныбардан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон жана адамга зыяндуу продукцияларды жана сырьёну конфискациялоо, жок кылуу, утилдөө жана зыянсыздандыруу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарбасында Ветеринария-санитариялык көзөмөлдөөнүн негизги ролу курулуш каражаттарын же өндүрүш объектилерин колдонбоо жөнүндө тыянак берүү; жагымсыз тоют жана сууну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу жана мамлекеттик чек арадан чыгаруу же чыгарбоо боюнча чечим кабыл алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсептелген зонадан мал продукциясын жана сырьёну ташуу жана колдонуу иш-чараларын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын ветеринария-санитариялык ишканалардын ветеринар адистери жүргүзөт. Ветеринария-санитариялык көзөмөл ветеринария-санитариялык эрежелерди бузган тарапты административдик жоопко тартуу укугуна ээ. Ветеринария-санитариялык көзөмөл санитардык эпидемиологиялык кызмат менен бирдикте иш жүргүзөт. А. Ш. Иргашев.