ВЕТЕРИНАРИЯ КЫЗМАТЫ
ВЕТЕРИНАРИЯ КЫЗМАТЫ ́РИЯ КЫЗМАТЫ РИЯ – ветеринария тармагына тиешелүү болгон практикалык иш уюштуруу жана жүргүзүү үчүн түзүлгөн ветеринариялык чаралар. Ветеринария кызматынын негизги милдеттери: өлкөдөгү жаныбарлардын арасында жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана таркалышына бөгөт коюу, малдын ылаңдарын алдын алуу, дарылоо жана элди санитариялык, экологиялык жактан, жугуштуу агенттерден таза мал чарба жана өсүмдүк азык-түлүктөрү менен камсыз кылуу. Кыргызстанда алгачкы ветеринария кызматы 1924-жылы түзүлгөн жана анын жетекчиси ветврач-революционер С. М. Воскресенский болгон. Андан соң ветеринария кызматынын тармагы кенейтиле баштаган жана жаңы ветеринариялык дарылоо, алдын алуу пункттары ар бир аймакта ачылган. Ветеринариялык кызмат көрсөтүү илимий негизде жүргүзүлө баштаган. 1940-жылдары Кыргызстанда атайын илимий мекеме – Кыргыз илим-изилдөө ветеринариялык тажрыйба станциясы уюштурулган. Ветеринария кызматынын түзүлүшү, анын милдеттери жана иш жүргүзүү принциптери атайын кабыл алынган «Ветеринария жөнүндөгү закондо» каралган. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында ветеринария кызматы мамлекеттик, ведомстволук, жекече болуп бөлүнөт. Ал Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринариялык департаментке баш иет. Ветеринария кызматынын тармагын облустук, шаардык, райондук, айылдык ветеринариялык бөлүмдөрү (мекемелер), ветеринариялык лабораториялар, ветеринариялык-санитардык жана ветеринариялык чек аралык карантиндик пунктар түзөт. Б. К. Акназаров.