«ВОСХОД»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 26 Август (Баш оона) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВОСХО́Д» – Жер айланасындагы орбита боюнча учкан көп орундуу космос кемелеринин аты.

«Восходдун» конструкциялык жагынан «Восток» кемесинен айырмасы – жумшак кондуруу системасы, ре­зервдүү тормоздук кыймылдаткыч жасалгалары, иондуу билдиргич (датчик) аркылуу багыт алуу системасы, өркүндөтүлгөн телевизор жана радиотехникалык аппаратурасы бар. «Восход-1» кемесинин учкуч-космонавты В. М. Комаров (командири), илимий1 кызматкер К. П. Феоктистов, врач Б. Б. Егоровдордон турган экипажы 1964-жылы 12-ок­тябрда орбитага чыгарылган. Экипажы космо­навт П. И. Беляев (командири) жана учкуч-кос­монавт А. А. Леоновдон турган «Восход-2» кемеси 1965-жылы 18-мартта учурулган. Космонавт А. А. Леонов өз алдынча (жеке) жашоого мүмкүнчүлүк берген скафандр кийип, дүйнөдө биринчи болуп ачык космос мейкиндигине чыккан, кемеден 5 м алыстыкта 20 мин убакыт сыртта жүрүп, сүрөткө тартуу жана өлчөө иштерин аткарган. «Восходдун» максимум массасы 5,68 т, максимум учуу бийиктиги 497 км.