ИСАКЕЕВ (Кочкор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:19, 3 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКЕЕВ (мурдагы Большевик), Ү к ө к – На­рын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кочкор айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1810 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Коч­кор кыштагынан 7 км түштүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 67 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1880 (2022); негизинен мал жана дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана бар. Мончо, медпункт иштейт. Ушул кыштакта туулган коомдук ишмер Б. Д. Иса­кеевдин ысмы ыйгарылган.