ИСАЕВ Карагул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:52, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Карагул (12. 03. 1934-жылы туулган, Түп району, Ак-Булуң кыштагы, каза болгон жылы белгисиз.) – тоо өткөөлчүсү, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Кыргыз ССР геологиялык баш­кармасынын чарба цехинде жумушчу (1949–64), Сары-Жаз экспедициясында өткөөлчү (1949–64), 1966–88-жылдарда өткөөлчүлөрдүн бригадири болуп иш­теген. Кыргызстанда ачылган Сары-Жаз калай ке­нин чалгындоо ишине кыйла эмгек сиңирген.