ИРКУТСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРКУ́ТСК – Россиядагы шаар (1686-жылдан). Иркутск облусунун административдик борбору. Иркут дарыясынын куймасы – Ангара дарыясынын чатына жакын жай­гашкан. Ангара дарыясындагы пристань. Калкы 605,7 миң (2025). Транссибирь магистралындагы темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын пайда болушуна орус кыштагынын, андан соң Иркутск чыңдоосунун (1661–69; анда согуш жана аң уулоо­чу куралдар сакталып, Байкал боюндагы тур-

Иркутскидеги Богоявленск собору.

гундарга ар түрдүү товарлар сатылып турган) ку­рулушу түрткү болгон. Кийинчерээк Чыгыш Си­бирдин аскер-административдик борбору, 1686-жылы шаар стату­сун алган. Учурда Иркутск – Чыгыш Сибирдин ири экономикалык, илимий жана маданий борбору. Шаардын че­гинде (Ангарада) Иркутск ГЭСи курулган. Оор машина, станок жана авиакуруу (анын ичинде аскер са­молёттору – СУ-30, ЯК-130, көп функциялуу самолёть-амфибия Бе-200 экспорттолот), электр­техникалык ж. б. өнөр жай ишканалары, слюда иштетүүчү фабрикасы иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлүмү­нүн филиалы,


өткөрүлүп турат.