ИРАН ТАЙПАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРА́Н ТАЙПАК ТООСУ Иран (басымдуу бөлүгү), Афганстан жана Пакистандын аймагында; че­т жакалары Ирак менен Түркмөнстандын түштүгүн­дө. Батышынан Месопотамия ойдуңу, чыгышы­нан Инд өрөөнү менен чектешет. Узундугу 2500 кмдей, аянты 2,7 млн км2. Альп-Гималай геосинкли­наль облусунда альп жана андан илгерки тоо пайда болуу мезгилдеринде калыптанган. Иран тайпак тоосунун кеңири аймакты ээлеген ички бөксө тоо­лору (бийиктиги 500дөн 2000 мге чейин) түндүгүнөн Эльбурс (бийиктиги 5604 мге чейин, Демавенд жанартоосу), Түркмөн-Хорасан тоолору, Паро­памиз, Гиндукуштун батыш тармактары, түштүгүнөн Загрос, Мекран, Сулайман тоолору менен чектешет. Ички бөксө тоолорун Деште-Ке­вир, Деште-Лут, Дашти-Марго ж. б. чөлдөрдү өзүнө камтыган туюк ойдуңдар ээлейт; аларда кум жана шор баскан жерлери, соолуп калуучу көлдөрү арбын кездешет. Чөлдүү ойдуңдарды дөңсөөлөр жана тоолор (Кухруд, Чыгыш Иран ж. б.) бөлүп турат. Климаты субтропиктик, кургак, жылдык жаан-чачыны ички бөксө тоолордо 100 ммдей, тоолордо 500 ммге чейин. Эльбурс жана Сулайман тоолорунун сырткы кап­талдарында арбын жаайт (1000–2000 ммге че­йин). Дарыялары (Гильменд, Сефидруд, Гери­руд ж. б.) сууга өксү, негизинен сугатка пайда­ланылат. Жарым чөл жана чөл, айрым жерлер­ге талаа ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоо­сунун чыгыш капталын саванна, сейрек токой жана жалбырагы күбүлмө токой, Эльбурстун түндүк капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу суб­тропик токою ээлейт. Оазисте дыйканчылык, көчмөн чарбачылык өнүккөн. Нефтиге бай, таш көмүр, темир, жез, графит, күкүрт ж. б. кендер да бар.


Ад.: Физическая география материков и океанов. М., 1988; Петров М. П. Иран. Физико-географический очерк. М.,1955.

Э. Н. Султаналиев.