ИОНОСФЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИОНОСФЕ́РА (иондор жана sphaira – шар) – Жер атмосферасынын 75 кмден 1000 кмге чейинки ион­дошкон калың катмары. Ионосферанын бар экендиги жөнүндөгү ойду англиялык физик Б. Стюарт 1882-жылы алгачкылардан болуп сунуштаган. Ионосферада Күндүн ультра кызгылт көк жана корпускулалык нурла­ры, ошондой эле космос нурлары газ молекулаларын кескин ажыратып, иондорду жана электрондор­ду пайда кылат. Алар Күн нурун өзүнө сиңи­рип алгандыктан, бийиктеген сайын ионосферада температу­ра жогорулап, 800–1000°Сге жетет. Ионосферанын өткөрүмдүүлүгү жогору болгондуктан, радиотолкун­дарды бүткүл диапазондо, кыскасынан узунуна чейин чагылтат жана алыскы байланышты тү­зүүнү камсыз кылат.