ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ – көзгө көрүнбөгөн инфракызыл нурланууну пайдалануу­га негизделген приборлор, түзүлүштөр, систе­малар. Инфракызыл нур техникасына инфракызыл нурду аныктоочу жана өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытыл­ган нерсенин температурасын алыстан өлчөөчү, жа­шырын сигнал берүүчү, жер бетинде жана космос­то байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме ж. б.) алардын ин­фракызыл нур чыгаруусу боюнча аныктоочу при­борлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; инфракызыл нурду ка­был алгыч жана анын булагы, инфракызыл нур­ду бөлүп алуучу чыпкалар ж. б. кирет. Инфракызыл нур техникасы радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө жана түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын жана планеталар­дын атмосферасын изилдөөдө, Жердин жылуулук ба­лансын өлчөөдө, өнөр жайда – жыгач, лак, сыр кап­талган буюмдарды кургатууда; аскердик иште – караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук ло­кациясында, башкарылуучу снаряддарды бута­га өзүн-өзү багыттоодо колдонулат.