БОЗЖАЛПАК ТООСУ
БОЗЖАЛПАК ТООСУ Борколдой тоосунун түштүк чыгышында. Батышы менен түндүгүнөн Борколдой, Баралбас өрөөндөрү, түштүгүнөн Бозжалпак ойдуӊу менен чектешет. Чыгышы Карабел (түштүк) жана Миӊтеке (түндүк) өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 38 км, туурасы 6–12 км. Орточо бийиктиги 4100 м, эӊ бийик чокусу 4447 м (Бозжалпак суусунун башталышында). Асимметриялык түзүлүштө: түштүк капталы тик, кыска; түндүгү жантайыӊкы. Эки капталында теӊ тепши сымал туюк өрөөндөр бар. Кыр бөлүгүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Төмөнкү жана ортоӊку карбондун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн.