ИНТЕРНАЦИОНАЛ (жумушчулардын эл аралык шериктештиги)
ИНТЕРНАЦИОНАЛ́Л (Ж у м у ш ч у л а р д ы н э л а р а л ы к ш е р и к т е шт и г и ) – жумушчулардын эл аралык биринчи уюму. 1864-жылы 28-сентябрда Лондондо уюшулган К. Маркс менен Ф. Энгельс негиздеген. Жумушчулардын эл аралык шериктештигинин уюмдаштыруу манифести, уставы, үндөө, циркуляр жана чечимдерин К. Маркс иштеп чыккан. Ал документтерде марксизмдин программалык жана тактикалык жоболору өнүктүрүлгөн. Жумушчу табы капитализмди ойрондоочу жана социализмди куруучу күч деп көрсөтүлгөн. Социалисттик революцияда саясий бийликтин (пролетариат диктатурасынын), аны жеңип алуу зарылдыгынын, пролетариат үчүн өз саясий партиясын түзүүнүн, социалдык боштондук үчүн күрөштө ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчуларынын биригишинин маанисин баса белгилеген. Биринчи интернационалдын ишине туруктуу комитети бар Генералдык Совет жетекчилик кылган. Ал Европадагы негизги өлкөлөрдөн, АКШ, Австриядан келген жумушчу өкүлдөрүнүн улуттук секцияларына (федерацияларына) таянып иш алпарган. 1870-жылы биринчи интернационалдын Европа өлкөлөрүндөгү ишмердүүлүгү токтоп, 1876-жылы уюм таркатылган.