ИНСОЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНСОЛЯ́ЦИЯ (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы менен нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бир­дигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (вт/м2) менен туюнтулат. Инсоляция Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, де­ңиз деңгээлинин бийиктигине, атмосферанын тазалы­гына жана булуттуулугуна байланыштуу. Ошон­дуктан ал жыл мезгилине, атмосферанын абалына жана Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. Инсоляция жер бетинин жана атмосферанын жылуулук абалы менен Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атмосфералык циркуляциясы, суунун жер бетинде айла­нышы, башкача айтканда жердин климат шарттары жана өсүм­дүк менен жаныбар дүйнөсүнүн биофизикалык, биохимиялык процесстери инсоляцияга тыгыз байланышкан. Инсоляция акти­нометр менен өлчөнөт. Инсоляция шарттарын изилдөө айыл чарбасында, күн нуру менен дарыланууда, архитектуралык дол­боорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек.